Чүйдө Baytik Mountain Resort тоо-туристтик кластери курулат

Экономика 27 августа 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.36.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.36.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.36.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.36.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.36.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.36.54.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/.Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Baytik Mountain Resort жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Агенттиктен билдиришкендей, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group" жоопкерчилиги чектелген коому жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда түзүлдү.

Долбоор Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын аймагында заманбап, жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерди түзүүнү карайт. Анын курамында тоо лыжа жана туристтик инфраструктура, асма жолдор, жасалма кар жаадыруу системалары менен жабдылган тоо лыжа трассалары, жайкы эс алуу жайлары, мейманкана комплекстери, ресторандар, SPA-комплекстери, MICE-борборлор, үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу объекттери, ошондой эле инженердик, транспорттук жана санариптик инфраструктура түзүлөт.

Долбоордун жалпы наркы 127,9 млн АКШ долларын түзөт. Аны каржылоо China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) стратегиялык өнөктөшүнүн EPC+F модели боюнча каржылоосунун, "Элдик Банк" ААКтын насыялык каражаттарынын, жеке өнөктөштүн өздүк каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

"Бул келишимге кол коюу - туризм тармагындагы ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам. Baytik Mountain Resort туристтер үчүн заманбап, жыл бою иштей турган эс алуу борборуна айланып, аймактын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестиция тартууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Ири долбоорлор заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашырылып, узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык натыйжа берүүсү биз үчүн маанилүү", — деди Равшанбек Сабиров.

Долбоорду куруу этабында кеминде 1 500 жумуш ордун түзүү, ал эми объект пайдаланууга берилгенден кийин 800дөн кем эмес туруктуу жумуш ордун камсыз кылуу пландалууда. Анын ичинен Кыргызстандын жарандарынын үлүшү кеминде 80 пайызды түзүүгө тийиш.

Ошондой эле долбоордун алкагында Smart Resort санариптик башкаруу системасын, энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, кайра жаралуучу энергия булактарын жана заманбап экологиялык технологияларды киргизүү каралган.

Жеке өнөктөш долбоорду каржылоо, куруу, жабдуу, пайдаланууга берүү жана андан ары техникалык тейлөө боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылып, инфраструктуранын биринчи кезегин 4–5 жыл аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.

Baytik Mountain Resort Кыргызстандын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө, өлкөнүн жыл бою иштей турган туристтик багыт катары потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга багытталган ири долбоорлордун бири болот.