65 баш жылкы жана 2 млн теңге: Чүйдө ири алдамчылыктын бети ачылды

Укук тартиби Загрузка... 21 Январь 2026 13:42
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран милицияга кайрылып, "М" аттуу белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Ал Казакстандан Кыргызстанга жалпы баасы 7 млн сомду түзгөн 65 баш жылкыны айдап өтүп берем деп 2 млн теңге акча каражатын, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мал-мүлктү ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө - жалпы 7 330 400 сом суммада материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган.

Учурда кылмыш иши боюнча болгон бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.