Чүйдө 18 курулуш объектиси текшерилип, 1 млн сом айып пул салынды

Укук тартиби 13 октябрь 2026 10:50
Чүйдө 18 курулуш объектиси текшерилип, 1 млн сом айып пул салынды
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айыл аймактарында 18 курулуш объектиси текшерилип, мыйзам бузуулар үчүн жалпы 1 млн сом айып пул салынды.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кум-шагыл казып алуу жана иштетүүчү ишканалар, бетон аралаштыргыч жана майдалоо-сорттоо орнотмолору, ошондой эле кирпич заводу текшерилген.

Анын жыйынтыгында жети объект мыйзамдуу негизде иштеп жатканы аныкталды. Калган объектилерде шаар куруу талаптарынын жана уруксат берүүчү документтердин сакталышы боюнча мыйзам бузуулар табылды.

Учурда башка объектилерди текшерүү иштери улантылууда.