Чүйдө баңгизат сатууга шектүү кармалды

Укук тартиби 20 ноябрь 2025 15:39
584802837_1345587410682408_2037193764533168411_n.jpg
583183705_1345587334015749_329744235866122757_n.jpg
584514515_1345587337349082_8512685056487225575_n.jpg
584775278_1345587330682416_1699340924066654507_n.jpg
585409098_1345587400682409_9054898817714040087_n.jpg
585854467_1345587414015741_6925734845825275121_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Баңгизаттарды сатуу менен алектенген топтун уюштуруучуларынын бири Чүй облусунда 1 килограмм баңгизат сатууга аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин трансулуттук баңгизат тобунун уюштуруучуларынын бирине карата Тажикстан - Ош облусу - Чүй облусу каттамы боюнча баңгизат жеткирүү каналын уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде 18-ноябрда тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган каналды уюштурууга шектүү Г.А.Т. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен камакка алынды.