Чүй жана Бишкекте 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга кызамыкка каршы кошумча эмдөө жүргүзүлүүдө

Ден соолук Загрузка... 11 Февраль 2025 13:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Учурда Чүй облусунда жана Бишкекте балдар арасында кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга кошумча кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди.

Анын айтымында, календарь боюнча кызамыкка каршы биринчи эмдөөнү 1 жашында, экинчи эмдөөнү 6 жашында алган жана 1 жашка чейинки балдар арасында оору көп катталууда. Ошондуктан эки эмдөө алган балдарды кошумча эмдеп иммунитетин толуктоо зарылчылыгы жаралууда.

“Календарь боюнча 1 жашында биринчи эмдөө алган 70, 75 пайыз балдарда кызамыкка карата иммунитет пайда болот. Калган 25 пайыз балдардын иммунитети төмөн болуп калат. Ошол себептен бир эмдөө алган балдардын ооруп калуу коркунучу жогорураак. Ооруну токтотуу максатында учурда Чүй жана Бишкекте кызамыкка каршы кошумча эмдөө компаниясы уланууда. Кошумча эмдөөнүн календарлык эмдөөгө тиешеси жок. 9, 10, 11 айында кызамыкка каршы кошумча эмдөөнү алган балдар ортодон бир ай убакыт өткөндөн кийин кайра 1 жаштын календарлык кызамыкка каршы эмдөөсүн ала берет. Ал эми 1 жаштын кызамыкка каршы эмдөөсүн алгандан кийин бир айдан кийин кошумча эмдөөнү алганга болот, коркунучтуу эмес”, - деди Диляра Искакова.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын март айында балдар арасында кызамык оорусун азайтуу максатында балдарды эмдөөнүн календарына өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, биринчи кызамыкка каршы эмдөө 1 жашында, ал эми экинчиси мурдагыдай 6 жашта эмес, 2 жашта кайталап эмдөө жүргүзүлөт.

“Кызамыкка каршы кошумча эмдөө компаниясы токтосо, календарга ылайык 1 жана 2 жашында жүргүзүлө берсекчи. Эгер бала бул эки эмдөөнү тең алган болсо үчүнчү кошумча эмдөөнү албай койсо болот. Анткени, учурда эки эмдөө сөзсүз болушу керек. Кызамыкка каршы эки эмдөө катар алына турган болсо, ортосундагы убакыт 1 ай болушу керек. Ал эми башка вакциналар менен ортосунда интервал жок, кызамыкка каршы вакцинаны ала берсе болот. Кызамыктан кийин 14 күндөн кийин башка вакциналарды алса болот”, - деди ал.

Ошондой эле дарыгер быйыл Бишкекте январь айына карата кызамык менен ооругандардын саны былтыркы жылдын январь айына салыштырганда көбүрөөк катталганын кошумчалады.