Чүй облусунда аялын аткан жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 04 Ноябрь 2025 11:18
5.webp
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. 1-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Бала-Айылчы айылында аял киши өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты Москва райондук ИИБде каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Окуя болгон жерге райондук жана облустук милициянын ыкчам-тергөө тобу келип, үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам 1962-жылы туулган Э.С. мас абалында 1976-жылы туулган жубайы Ж.Н.га мергенчилик мылтыгынан ок чыгарганын аныкташкан. Аял алган жаратынан улам ошол жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Москва райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү Э.С. КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Москва райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.