Бишкек, 10.10.25 /Кабар/. Чилиде кышкы жамгырдан кийин Атакама чөлү гүлдөдү. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, быйыл Чилинин чөлдүү аймагында кышкы мезгил адаттан тыш нымдуу болду. Жамгыр көп жаагандыктан, дүйнөдөгү эң кургак жерлердин бири болгон Атакама чөлү гүлгө оронду.
Окумуштуулардын айтымында, Атакаманы каптаган кызыл топурактын алдында 200дөн ашык өсүмдүк түрү жыл бою уйкуда болуп, жетиштүү нымдуулукту күтөт. Быйыл Амазон бассейнинен жана Тынч океандын жээгинен келген нымдуулук жетиштүү деңгээлге жетип, чөлдү түркүн түстүү гүлдөргө бөлөдү. Бул кооз көрүнүш Чилинин түндүгүндөгү Копьяпо районуна миңдеген туристтерди тартууда.
Бул сейрек көрүнүш болгону бир нече жумага созулат. Өткөн жылы Чили өкмөтү чөлдүн гүлдөшүн коргоо үчүн Панамерикалык трассанын боюндагы 500 чарчы чакырым аймакты камтыган “Гүлдөгөн чөл” улуттук паркын негиздеген. Ноябрга чейин температура жогорулап, гүлдөр соолуйт, бирок алардын уруктары кайра жаан жааган күндү күтүп топурактын алдында калат.