Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Чехияда көп убакыттан бери жаан-чачын жаабай, жогорку температурадан улам экстремалдык кургакчылык сакталууда.
АЗЕРТАЖ билдиргендей, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана суу ресурстарына коркунуч жаратууда.
Эксперттердин айтымында, топурактагы нымдуулуктун аздыгы өсүмдүктөрдүн нормалдуу өсүшүнө тоскоол болуп, түшүмдүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Айрым аймактарда суу топурактын терең катмарларында да жетишсиз болууда.
Адистер климаттын өзгөрүшү мындай кургакчылык мезгилдеринин көбөйүшүнө өбөлгө түзүп жатканын белгилешет. Жаан-чачын нормадан төмөн бойдон калса, жакынкы убакта абалдын олуттуу жакшырышы күмөн.
Өзгөчө дан эгиндери, жашылча жана тоют өсүмдүктөрүнүн абалы тынчсыздануу жаратууда.