Чет өлкөлөрдө диний билим алууну каалаган жарандар үчүн сунушталган окуу жайлар. Тизме

Коом Загрузка... 18 Март 2025 10:37
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан чет өлкөлөрдө диний билим алууну каалаган жарандар үчүн окуу жайлар сунушталды.

Диний окуу жайлардын тизмеси:

- Египет – Аль-Азхар университети;

- Иордания – Иордан Университети – мамлекеттик билим берүү мекемеси;

- Россия Ислам институту, Казань шаары;

- Россия Ислам университети, Уфа шаары;

- Москва ислам институту, Москва шаары;

- Болгар Ислам Академиясы, Татарстан;

- Малайзия – Эл аралык Ислам университети;

- Өзбекстан – Ташкент Ислам институту;

- Казакстан – Нур-Мубарак университети;

- Түркия – Диянет иштери башкармалыгына караштуу диний билим берүү мекемелери.

Эскерте кетсек, “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинде “Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин же диний билим алгандан кийин чет өлкөдө диний билим алууга укуктуу” деп белгиленген.