Дин иштери боюнча комиссия жаңы мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин улантууда

Коом Загрузка... 19 Март 2025 17:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Дин иштери боюнча комиссия жаңы мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин улантууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, бул ирет Бишкек шаарында жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жайгашкан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү диний окуу жайлардын жетекчилерине “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам жана диний билим берүүгө тиешелүү пункттары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйында катышуучулардын суроолоруна адистер тарабынан жооп берилип, кабыл алынган мыйзам жана түзүлүп жаткан жоболор, ошондой эле диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жана жарандардын диний сабатуулугун өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер боюнча кененирээк маалыматтар айтылды.