Чет өлкөлүк унааларды мыйзамдаштырууга акыркы мүмкүнчүлүк берилди: Талаптар жана төлөмдөр

Маек Загрузка... 10 Июль 2026 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда чет өлкөлүк номер менен жүргөн унаалар үчүн акыркы жолу мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул жараян 2026-жылдын 10-июлунан 1-сентябрына чейин гана жүргүзүлөт. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин легалдаштыруу узартылбайт. Унааларды мыйзамдаштыруунун жол-жобосу, талаптары жана шарттары тууралуу Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун транспорт каражаттарын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Таалайбек Суваналиев "Кабар" агенттигине берген маекте айтып берет.

— Кайсы транспорт каражаттары мыйзамдаштырилат?

— Кошумча (акыркы) легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын аймагына алып келинген, бирок ушул күнгө чейин мамлекеттик каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарына жүргүзүлөт. Бул мүмкүнчүлүк М1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2 категорияларындагы унааларга тиешелүү. Ошол эле учурда бул бир жолку жана акыркы чара болуп саналат. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин чет өлкөлүк номердеги унааларды легалдаштыруу узартылбайт.

WhatsApp Image 2026-07-10 at 17.45.35

2025-жылы канча чет өлкөлүк номерлүү унаа мыйзамдаштырылган? Сиздердин эсебиңиздер боюнча дагы канча унаа номерин легалдаштырышы керек?

— 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейинки аралыкта өлкөдө чет өлкөлүк номерлүү 30 миң 86 транспорт каражаты мыйзамдаштырылган. Андан кийин унаа ээлеринин өлкө бийлигине кайрылган суранычы менен токтотулган дагы, кийин президенттин жарлыгына ылайык кайрадан убакыт берилди. Бул мөөнөт эми кошумча жана акыркы жолу мыйзамдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан тартып 1-сентябрына чейин деп белгиленди. Бүгүн тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Болжол менен алганда дагы 5 миңдей транспорт каражаттарынын номерлерин мыйзамдаштырышы керек деп эсептеп жатабыз.

— Мыйзамдаштырылбаган унаалар кандай текшерилет? Аларга кандай чаралар көрүлөт?

— Бул иштерди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу Ички иштер министрлиги жооп берет. Атап айтканда, бул багыттагы негизги ыйгарым укуктуу орган — министрликке караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы текшерет. Мындай унаалар текшерүү учурунда аныкталса, атайын айып короосуна киргизилип, аларды пайдаланууга тыюу салынат.

— Унааны легалдаштыруу үчүн кандай негизги талаптар коюлат?

— Мыйзамдаштырыла турган транспорт каражаты бир катар талаптарга жооп бериши керек. Тактап айтканда, унаа VIN-коду же башка заводдук идентификациялык номери аркылуу аныкталышы зарыл. Ошондой эле ал издөөдө болбошу, идентификациялык белгилери өзгөртүлбөгөн болушу керек. Мындан тышкары, унаанын 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын аймагына киргизилгени ырасталып, мамлекеттик каттоого тоскоолдук кылган чектөөлөр болбошу талап кылынат.

— Легалдаштыруу үчүн акы төлөнөбү жана анын баасы канча?

— Ооба, транспорт каражаттарын легалдаштыруу акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Төлөмдүн өлчөмү унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот.

Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб сантиметрге чейин болгон унаалар үчүн — 50 миң сом;

Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб сантиметрден жогору болгон унаалар үчүн — 100 миң сом;

Электр кыймылдаткычы менен жабдылган автоунаалар үчүн — 50 миң сом төлөнөт.