Чет өлкөгө жумушка орноштуруу: Дагы 7 агенттик уруксат алды

Коом
Чет өлкөгө жумушка орноштуруу: Дагы 7 агенттик уруксат алды
copyright icon WWW

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууга көмөктөшкөн жети жеке агенттик жаңы уруксат алды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, дагы сегиз агенттиктин уруксат мөөнөтү бир жылга узартылды.

Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен жаңы уруксат алган агенттиктер Түркия, Германия, Болгария, Польша жана Италия өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу багытында иш алып барат.

Ошондой эле комиссия эки агенттикке уруксат берүүдөн баш тартты. Алардын бири Россияга, экинчиси Германияга жумушка орноштуруу багыты боюнча кайрылган.

Министрлик чет өлкөгө ишке барууну пландаган жарандарга уруксаты бар агенттиктерге гана кайрылып, алардын ишмердүүлүгүн расмий булактардан алдын ала текшерүүнү эскертти.