Чет элдиктер кызыгып, кол эмгектеримди сатып алышты – уз

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 17:50
Чет элдиктер кызыгып, кол эмгектеримди сатып алышты – уз

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Талас облусунун Чыңгыз Айтматов районунун тургуну Базаркүл Турсункулова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көргөзмөгө өзүнүн кол эмгектерин алып келди.

Ал өзүнүн кол өнөрчүлүгү жөнүндө айтып берип, өлкө жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип өттү.

“Биз кыргыз элин дүйнөгө даңазалаган Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн Чыңгыз Айтматов районунан келдик.
Өзүм шырдак, туш кийиздерди, куржундарды жасайм жана сайма сайам. Кол өнөрчүлүгүмдүн түрдүү үлгүлөрүн алып келдим. Бул жерде чет элдиктер биздин эмгектерге кызыгып жатышат. Айрыкча саймаларымды сурагандар болду. Арасынан кээ бирлерин сатып алышууда.
Ушундай жакшылыкты, ушундай майрамды көрүп жатканыбызга шүгүр. Кудайым кут кылсын! Жерибизде тынчтык болсун, элибизде ынтымак болсун. Элге кам көрүп, ушундай жомоктогудай жашоону түзүп берип жаткан президентибизге, өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирем”,-деди ал.