Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын катышуучулары аныкталды

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын беттештери өтүп, анын жыйынтыгында 1/8 финалдын катышуучуларынын толук курамы аныкталды. Бул тууралуу Известия билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Франциянын "Пари Сен-Жермен" футболдук клубу (ПСЖ), бельгиялык "Брюгге", испаниялык "Реал Мадрид", нидерландиялык ПСВ жана "Фейенорд", германиялык "Бавария" жана "Боруссия", ошондой эле португалиялык "Бенфика" плей-офф баскычынан 1/8 финалга өттү.

1/8 финалга "Ливерпуль", "Арсенал", "Астон Вилла", "Барселона", "Атлетико", "Интер", "Байер" жана "Лилль" түз жолдомо алган.

Эми эртең 1/8 финалда ойноочу клубдар чүчүкулак кармашат. Анда командалардын атаандаштары аныкталат.

Чемпиондор лигасынын беттештеринин убакыттары:

- 1/8 финал: 4-5- мартта жана 11-12-мартта;

- 1/4 финал: 8-9-апрелде жана 15-16-апрелде;

- 1/2 финал: 29-30-апрелде, 6-7-майда өтөт.

Финалдык беттештер 31-майда Мюнхендеги "Альянц Арена" стадионунда болот.