"Человек-паук" тасмасы 2 млрд доллардан ашык киреше тапты

Дүйнө 152 17 Август 2026 16:20
1786959263372645124.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.08.26 /Кабар/. Дестин Дэниел Креттон тарткан "Человек-паук: Новый день" тасмасы кассалык жыйымдар боюнча рекорд койду.

АЗЕРТАЖ билдиргендей, Жаңы "Человек-паук" дүйнөлүк прокатта үч жуманын ичинде 2 миллиард доллардан ашык киреше тапты. Эксперттердин баалоосу боюнча, Түндүк Америка прокатынын тарыхында алгачкы уик-эндде эң жогорку жыйынтык көрсөткөн "Человек-паук: Новый день" тасмасы үчүнчү жума катары менен чарттардын сап башында турат. Бул аймакта жыйымдар 785 миллион долларды түзсө, калган өлкөлөрдө сатылган билеттерден дагы 1,23 миллиард доллар киреше түшкөн.

Жаңы тасмада башкы ролдорду кайрадан Том Холланд менен Зендея аткарышкан.

Эске салсак, прокатта 2 миллиард долларлык чектен ашкан тасмалар анчалык көп эмес.

  • "Аватар" (2009) 2,9 млрд доллар;
  • "Мстители: Финал" (2019) 2,7 млрд доллар;
  • "Аватар: Путь воды" (2022) 2,3 млрд доллар;
  • "Титаник" (1997) 2,2 млрд доллар;
  • "Звездные войны: Пробуждение силы" (2015) 2,07 млрд доллар;
  • "Мстители: Война бесконечности" (2018) 2,03 млрд доллар чогулткан.