Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Чехияда парламенттик шайлоо өтүүдө.
Интерфакс маалымдагандай, 3-4-октябрда Чехияда парламенттин Депутаттар палатасына шайлоо өтөт.
Депутаттар парламенттин 200 орундуу төмөнкү палатасына пропорционалдуу өкүлчүлүк аркылуу төрт жылга шайланат.
Депутаттар палатага өкүл болуу үчүн партия 5%дан кем эмес добуш алышы керек.
Андан кийин Чехиянын президенти премьер-министрди дайындайт деп айтылууда. Өкмөт депутаттардын ишенимине ээ болуусу зарыл.