Чехияда гепатиттин А вирусу жайылып, алты адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 14 Май 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-05-14 at 06.14.28.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек,14.05.25. /Кабар/. Чехияда гепатиттин А вирусу жайылып, алты адам каза тапты. Бул тууралуу Еuronews кабарлады.

Маалыматка караганда, Чехияда жыл башынан бери гепатиттин А түрү күч алууда. Учурда илдеттин айынан 6 адам көз жумду. Былтыр ушул эле оорудан эки киши каза тапкан.

4 айдын ичинде өлкөдө оорунун 450 учуру катталды. Өткөн жылы 636 адам оору жугузуп алгандыгы айтылган.

Илдетке чалдыккан учурлар мындан көп болушу мүмкүн экени белгиленүүдө. Анткени боорду жабыркаткан оорунун жайылышын көзөмөлдөө татаал болууда.

Маалыматтар боюнча, 2022-жылы Европанын 30 өлкөсүндө гепатиттин 4 548 учуру катталган.