Чакан ГЭСтер - өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына ишенимдүү кадам

Экономика Загрузка... 04 Февраль 2025 12:26
transmission-line-system-1140x640.original.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаты өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн отун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүү болуп саналат. Энергетика тармагы энергиянын ар кандай булактарын сарамжалдуу, экономикалык жактан өзүн-өзү актаган абалда пайдаланууга негизделиши керек.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы дээрлик ири гидроэлектростанциялардын эсебинен ишке ашырылууда. Акыркы жылдары керектөөчүлөрдүн ички рыногу кыйла өстү, бирок Кыргызстандын географиялык шарттарына жараша 80ден ашык чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар жана курулуш процесси салыштырмалуу аз убакытты, болжол менен 1,5-2 жылды талап кылат.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн туруктуу өсүшү байкалууда. Өлкө жыл сайын болжол менен 14 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт, ал эми керектөө 17 млрд киловатт-саатка жетүүдө.

Кыргызстан энергия менен камсыздоодогу жетишсиздиктин ордун толтуруу үчүн 2024-жылы 3,3 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогон.

КР Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматы боюнча, 2024-жылы ГЭСтерде жалпы электр энергиясын өндүрүү 12,8 млрд киловатт - саатты, ЖЭБде 1,8 млрд жана чакан ГЭСтерде план боюнча 250 млн киловатт – саат болсо, иш-жүзүндө 400 млн киловатт – саатты түздү. Ошол эле учурда, керектөө 17,5 млрд киловатт-саат болушу күтүлүүдө. Өлкө учурдагы тартыштыкты Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо менен жабат. Өзбекстан менен Казакстандан электр энергиясын импорттоо жарым-жартылай энергоресурстарды өз ара алмашуу схемасы аркылуу ишке ашат.

Акыркы жылдары Кыргызстан өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун жогорулатуу максатында чакан гидроэлектростанцияларды, күн жана шамал электр станцияларын курууга өзгөчө көңүл бурууда.

КР президенти Садыр Жапаров Сузак районундагы "Кайнама" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан "Көк-Арт" чакан гидроэлектростанцияларын ачуу учурунда бул окуялардын өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендиги катары маанисин белгиледи. "Көптөн бери улуттук экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген энергетика маселеси эми жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү менен чечилүүдө", - деди ал.

Президент өлкөдөгү энергетикалык маселелерди чечүүдөгү артыкчылыктуу багыт гидроэлектростанцияларды куруу экенин белгилеп, ишкерлерди жана инвесторлорду бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков өлкө боюнча чакан ГЭСтерди куруу активдүү жүрүп жатканын айтты. "2024 - жылдын биринчи жарым жылдыгында Талас облусунда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Сузак райондорунда 4 чакан ГЭС ишке киргизилген. Эгемендүүлүк күнүнө кошумча Исфайрам ГЭСи пайдаланууга берилди. Ушул төрт ГЭС учурда жакшы иштеп жатат. Бул кичи ГЭСтердин бардыгы инвесторлордун, гранттардын жана жеке адамдардын эсебинен курулган", - деди ал.

Мындан тышкары, Нурлан Садыков мамлекеттин катышуусу менен үч чакан ГЭС – Кара-Суу дарыясындагы Кара-Көл ГЭСи, Орто-Токой суу сактагычындагы ГЭС курулуп жатканын жана жакында Ош облусундагы Папан ГЭСинин капсуласы салынарын айтты.

"Биз инвестор катары жергиликтүү жарандардын болушуна басым жасап жатабыз. Мунун жакшы жактары бул ГЭСтер учурдагы болгон суу менен иштейт. Дарыяларга болгон суунун жардамы менен электр энергиясын өндүрө турган жабдуулар жана курулуштар орнотулат. Эң башкысы - чакан ГЭСтер район же айыл үчүн зарыл болгон электр энергиясынын көлөмүн иштеп чыгат жана ошонун натыйжасында сууну үнөмдөө жүрөт. Чакан ГЭСтер республиканын ири гидростанцияларына керектүү көлөмдөгү сууну топтоого мүмкүндүк берет. Чакан ГЭСтер жергиликтүү деңгээлде өлкөнүн энергияга болгон көз карандысыздыкка ээ болушуна салымын кошууда", - деди Садыков.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында кичи ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 121,45 МВт түзөт. "Энергетика тармагындагы долбоорлор эл аралык жана жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылууда. 2024-жылдын башынан бери өлкөдө жалпы кубаттуулугу 48,84 МВт болгон чакан ГЭСтер ишке киргизилген. 2025-жылга 19 чакан гидроэлектростанцияны пайдаланууга берүү пландаштырылган, алардын кубаттуулугу 58,35 МВт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда гидроэнергетиканын потенциалы жогору, анткени учурда өлкө анын 10 пайызын гана колдонот. Эгерде бардык ири жана чакан ГЭСтер ишке кирсе, келечекте Кыргызстан энергетикалык коопсуздукка ээ болот.