Ушул тапта Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерликти колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасы иштелип чыгууда. Жаңы стратегияда бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга жана финансылык ресурстарды кеңейтүүгө басым жасалат. Жарандар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү сунуштарын Экономика жана коммерция министрлигине берсе болот. Программанын негизин менчиктин кол тийбестиги, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, жеңилдетилген кредиттер, аймактарда өндүрүштү колдоо түзөт. Демилгелер 2025-жылдын соңунда өткөн IV Элдик курултайдын делегаттарынын кайрылууларына үндөш десе болот.
Кыргызстандын экономикасын илгерилетип келе жаткан тармак чакан жана орто бизнес экени белгилүү. Анын ИДПдагы үлүшү дээрлик 51,7% түзүп, өлкө экономикасынын жарымынан ашыгын ээледи. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Натыйжада Кыргызстандын экономикасы тапкан акчанын дээрлик жарымы дал ушул бизнес сектордон келүүдө ишкердик субъекттери өндүргөн кошумча дүң наркы 641 млрд сомго жеткен.
Өлкө боюнча 20,4 миң ишкана катталса, 19 миңден ашыгы чакан бизнестер. Алардын 70% Бишкек шаарында ишмердигин жүргүзгөндөр. Ал эми жеке ишкерлердин саны 500 миңге чукул. Өлкө боюнча 1 миллиондон ашык жаран чакан жана орто бизнесте жумуш таап иштегендер.
Жогорудагы статистикадан чакан жана орто ишкерликтин калкка жеткиликтүүлүгүн, өзүн-өзү жумуш менен камсыздоодогу, өлкөнүн акчалуу орто катмарын түзүүдөгү, жакырчылыкты азайтуудагы жана эмгек миграциясын ооздуктоодогу ролун байкаса болот.
Акыркы жылдардагы бизнеске берилген жеңилдиктер, жеке секторду көмүскөдөн чыгаруу аракеттери, фискалдык саясаттын жакшырышы менен чакан жана орто бизнестин экономикадагы ролу да жогорулады. Ошол эле убакта бул сектор кысымга кабылган учурлар да жок эмес. Алар ашыкча текшерүүлөргө, айрым учурларда адилетсиздикке да туш болуп жатканын президент Садыр Жапаров 2025-жылдын соңунда өткөн IV Элдик курултайда айтып чыкты. Анда өлкө башчы күч жана салык түзүмдөрү менен кеңешип, чакан жана орто бизнеске ар тараптуу жеңилдик берүүнү убадалаган.
“Мамлекет дайыма сиздер менен бирге болот. Биз бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды мындан ары да түзө беребиз: ишкердик жүргүзүү үчүн ачык жана ылайыктуу эрежелерди киргизүү, туруктуу финансылык колдоо, негизсиз административдик тоскоолдуктардан коргоо жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бардык ишкерлерди: ал жаңы ишин баштаган ишкерби же тажрыйбалуу ишкер болобу, мамлекет аны эч качан жалгыз таштабайт жана анын ийгиликтерге жетишине ишенимдүү өнөктөш болуп берет”, — деп билдирген Садыр Жапаров.
Президент биздин мамлекет иштөөгө, өндүрүүгө жана экспорттоого ыңгайлуу өлкө болуп калганын, инвестициялык процедураларды жөнөкөйлөтүп, макулдашууларды кыскартып, бюрократиялык тоскоолдуктарду жоюу, санариптик кызматтарды киргизүү менен бизнеске инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирген.
Өлкөнүн экономикалык саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, сооданы, ишкердикти өнүктүрүүгө, бизнес чөйрөсүн жакшыртууга жооптуу мамлекеттик орган Экономика жана коммерция министрлиги.

IV Элдик курултайдын алкагында делегаттардан түшкөн кайрылуулар негизинен чакан жана орто бизнести колдоо, туристтик потенциалды өнүктүрүү, ата мекендик продукцияны сатуу маселелери. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Тоң районунан келген делегат өрөөндө туристтик этношаар куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн курулуш материалдары түрүндө колдоо көрсөтүүнү сунуштаган. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну жаңыдан ишин баштаган ишкерлерге жеңилдиктерди берүү маселесин козгосо, Ош облусунун Ноокат районунан келген делегат кол өнөрчүлөрдү колдоо, алардын продукциясын сатууга көмөк көрсөтүү жана жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачуу демилгесин көтөргөн.
“Жалпы жонунан IV Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча 673 делегат тарабынан ар түрдүү багыттагы сунуштар келип түшкөн. Анын арасынан 54 пункт Экономика жана коммерция министрлигинин ишмердүүлүгүнө тийиштүү. Анын ичинен 16 кайрылууда биздин министрлик негизги жооптуу мекеме катары белгиленген. Ал эми 38 кайрылуу кыйыр келип, министрлик кош жооптуу десе болот. Бизге келген сунуш-пикирлер курултайдын жалпы кайрылууларынын 8%ын түздү. Кайрылуулар инвестиция, өндүрүш, ишкердик, жумуш орундарын түзүү, жеке ишкерлерге шарт түзүү, ири өндүрүштөрдү ачуу жана туристтик багытта. Элдик курултайдын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги жана түзүмдөрүнүн башчылары делегаттар менен бетме-бет да жолугушту. Жолугушуудагы бардык кайрылуулар кабыл алынды. Ар бир кайрылуу дыкат каралып, делегаттарга милдеттүү түрдө расмий жооп берилет. Көтөрүлгөн бир да маселе көңүл сыртында калбайт”, — деп билдирди Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы.

Чакан жана орто бизнес артыкчылыктуу орунда экени “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында” да белгиленген. Анда негизги басым ишкердикти каржылоого, жер ресурстарына жана инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, бюрократияны азайтуу жана калктын кеңири чөйрөсүн ишкердикке тартуу маселелерин чечүүгө бурулган.
Тармактын потенциалын эске алуу менен Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын чакан жана орто ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки "ЧОИ-2030" программасынын долбоорун талкууга чыгарды.
Мындан сырткары, салык органдары тарабынан бир катар жеңилдиктер берилүүдө.