Caribbean Princess лайнеринде 100дөн ашуун адам норовирус жуктуруп алды

Дүйнө Загрузка... 11 Май 2026 08:55
9feda151-b7a8-4091-9737-cbecad6d4bd7.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.05.26 /Кабар/. Бир жума мурун Флорида портунан чыккан Caribbean Princess круиздик лайнеринде 100дөн ашуун адам норовирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда лайнер Доминикан Республикасынын жээгинде жүрөт. Кеме бүгүн Флоридага кайтып келиши керек.

Норовирус 102 жүргүнчүдөн жана экипаждын 13 мүчөсүнөн аныкталганы айтылат. Учурда кемеде күчөтүлгөн санитардык чаралар көрүлүп, вирус жуктургандар каюталарында обочолондурулуп жатат.

Адистердин айтымында, норовирус адамдан адамга өтө тез жугат. Ошондой эле булганган тамак-аш, суу жана ар кандай буюмдардын беттери аркылуу да тарайт. Оорунун негизги белгилери — ич жана баш ооруп, дене табы көтөрүлөт.