Быйыл Баткенде кыргыз-тажик чек арасынын 200 чакырымын тосуу пландалууда

Аймак Загрузка... 02 Март 2026 14:18
WhatsApp_Image_U8j06Lj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Быйыл Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасынын 200 чакырым аралыгын тосуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырымды түзөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.