Бюджеттик секирик. Жыл жыйынтыгында триллиондук чектен ашуу реалдуу максат

Экономика Загрузка... 04 Август 2025 18:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Быйыл Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллиондон ашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын аппараттык жыйынында билдирди.

528327708_241557037.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Анын айтымында, ИДПнын триллиондон ашкандыгы маалымдалып, консолидацияланган бюджети эки жылдан кийин триллиондон ашыруу планы коюлганы менен бул көрсөткүч быйыл эле ишке ашчудай болуп турат.

“Салык жана Бажы кызматтары жети айдын планын ашыгы менен аткарышты. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 357,8 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 33,1 млрд сомго көп болду. План 110,2 пайызга аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган салыктык кирешелер 159,5 млрд сомду түзүп, пландан 10 млрд 157,7 млн сом ашыкча чогулду. План 106,8 пайызга аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан топтолгон кирешелер 75,7 млрд сомду түзүп, пландан 1,5 млрд сомго жогору болду. План 102 пайызга аткарылды. Биз ушул темп менен барышыбыз керек”,- деди Касымалиев.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө бергендей, Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы биринчи жолу 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетери күтүлүүдө.

2950748_PJUJaZG.96b.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

“Алгач 2025-жыл үчүн консолидацияланган бюджет 708,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок жарым жылдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында, бюджеттин пландан ашыкча аткарылары аныкталып, жыл жыйынтыгы боюнча 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетүү реалдуу максат катары коюлду. 2020-жылга салыштырганда, 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге жакын көбөйдү. Бул 4 жылдык эле натыйжа”, - деди Орунбеков.

Эгер бюджет 1 триллион сомго жетсе, 2025-жыл үчүн маанилүү өсүш, бюджеттеги чоң секирик болмокчу. Негизинен Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин өсүшү бир нече негизги факторлордун эсебинен камсыздалат. Бул факторлор мамлекеттик кирешелердин көбөйүшүнө, чыгашалардын рационалдуу пайдаланылышына жана экономикадагы жалпы өсүшкө байланыштуу.

Белгилей кетсек, Кумтөр кенинин Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин өсүшү үчүн кошкон салымы чоң. Айрыкча соңку жылдарда кен толугу менен мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин анын бюджете кошкон салымы кескин өстү. 2025-жылдын I жарымында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза кирешеси 13,3 млрд сомго жеткендигин компаниянын жетекчиси Бузурман Субанов металлургдардын өткөн айда кесиптик майрамын белгилөө учурунда билдирген.

Маалыматта айтылгандай, салыштырмалуу былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн. Ал өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд сом которулганын кошумчалады. “Кумтөрдүн” бюджетке кошкон негизги салымдарына токтолсок, салык жана жыйым түрүндө түз кирешелер, алтын сатуу жана дивиденд жана ишкананын кирешеси ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги кошумча кирешелер эсептелет.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Сагынбүбү Чолбаеванын пикиринде өлкөнүн консолидацияланган бюджеттинин өсүшүнө Кумтөр кенинин тийгизген таасири чоң.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 18.19.24.jpeg

“Кумтөр мамлекетке өтүп, бюджетке түшкөн каражат кыйла көбөйдү. Биздин ИДПнын 3-4 пайызы ошол Кумтөрдөн түшкөн каражаттын эсебинен көтөрүлүп жатат. Ошондуктан жыл аягына чейин 1 триллиондон ашкан көрсөткүч аткарылышы толук мүмкүн. Экономист катары айтсам, көп кодекстерге анын ичинен бюджеттик кодекске да өзгөртүүлөр киргизилди. Мамлекет тарабынан көзөмөл күчтүү болуп, салыктар өз убагында төлөнүп жатат. Чынында иштесең жакшы иште, иштебесең ордуңду бошотуп бер дегенге чейин барып жатышат. Кадр жетишсиздиги болгону менен азыр салык, бюджет жана каржылык саясат абдан жакшы иштеп жатат”,- деди экономист.

Республикалык жана жергиликтүү бюджет бириккен консолидацияланган бюджетти түзүүдө салык бюджеттин эң чоң булагы болуп саналат. Салык жана Бажы кызматтары өз пландарын ашыгы менен аткарышты. Санариптештирүүнүн алкагында адамдык факторлор азайып, электрондук формалар, салык төлөөчүнүн “жеке кабинети” сыяктуу инструменттер натыйжалуулукту жогорулатууда.

Сагынбүбү Чолбаеванын айтымында, акыркы 3 жылда өлкөдөгү салык саясатынын өзгөрүлүшү консолидацияланган бюджетин көлөмүнүн өсүшүнө түрткү берүүдө.

“Триллиондук көрсөткүч план менен эсептелип айтылууда. Себеби, өлкөдө салык саясаты өзгөрүлдү. Мурда жашырынып төлөбөгөндөр, коррупционерлер көп болгон. Эми ошолордун бары санарип жол менен “жеке кабинет” аркылуу төлөп жатат. Мурда салык кызматкерлери менен салык төлөөчүлөрдүн ортосунда байланыш болсо, азыр санариптештирүү менен байланыш жок. Салык кодексине да абдан чоң өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик бюджетке салыкты жашырбай убагында төлөөгө шарт түзүп жатат. Экономист катары консолидацияланган бюджет триллиондук чектен ашаарына ишенем. Салыштырмалуу айтканда, 2012-жылы салыктын көлөмү 86 млрд сом болсо, 2025-жылы 7-8 эсе көбөйүп жатпайбы. Мында консолидацияланган бюджет көбөйөт анткени, эсебим боюнча азыркы бюджеттин көлөмүнүн 65-69 пайызы салык менен толтурулат. Андан тышкары, салыктык эмес төлөмдөр да бар. Жыл сайын чогулган салыктын көлөмү өсүп жаткандыктан, айтылган көрсөткүч туура, триллиондук чектен ашууга толук мумкүнчүлүк бар”,- деди экономист.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 17.52.17.jpeg

Кыргызстандын 2025-жылдагы консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 триллион сомдон ашары күтүлүп жатканы – өлкөнүн экономикалык саясатынын ийгиликтүү жүрүп жатканын далилдеген маанилүү көрсөткүч. Бул тарыхый ийгилик гана болбостон, келечектеги туруктуу өнүгүү үчүн да бекем пайдубал.