Өлкөдө өндүрүш, курулуш, кызмат көрсөтүү, банк жана башка тармактардын бардыгы өнүгүү жолунда. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Азисбек Бексултанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, экономисттердин, Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматтарына караганда акыркы жылдары өлкөдө көптөгөн экономикалык бөлүктөр ишке кирип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин 1 триллиондон ашуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын аппараттык жыйынында билдирип, ушул темп менен кетишибиз керек экендигин айтты.
Салыштырып көрсөк, 2010-2015-2020-жылдары консолидацияланган бюджет 96,5 млрд сомдон 247,8 млрд сомго чейин болгон. Ошол 2020-жылдагы көрсөткүч 4 жылда дээрлик 5 эсеге жакын өскөнү байкалып, бюджет кантип өсүп жатат деген суроо жаралбай койгон жок.
Экономисттин пикиринде Бажы менен Салык кызматтары өз иштеринин жыйынтыгын көрсөтүп, алдыга койгон пландарын так аткарышууда.
“Мисалы, 2024-жылы жалпы келип түшкөн каржы булактарын алганда салык тармагынан кошумча нарк салыгы 39 млрд сомду түзсө, киреше салыгы 26,5 млрд сомду түзгөн. Жер алдынан алтын өндүрүүчү ишкана, алтын-кен комбинаттарыныкы 16,1 млрд сомду, ал эми бирдиктүү салык 15 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле курулуш жана башка тармактардан дагы тиешелүү салыктар төлөнүп, жылдан-жылга мамлекеттик бюджет, мамлекеттин кирешелери өсүүдө”,- дейт Бексултанов.
Бул көрсөткүчтөрдү Бажы, Салык кызматтарындагы жүргүзүлгөн реформалардын, санариптештирүүнүн натыйжасы катары баалоого болот. Санариптик инструменттер салык жана бажы тармагында кирешени көбөйтүүгө, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түз. Мисалы, салык төлөөнүн онлайн платформалары аркылуу ишкерлердин жоопкерчилиги жогорулап, төлөмдөрдү чогултуу деңгээли өстү. Санариптештирүү аркылуу салыктык жана бажылык төлөмдөр көбөйүп, бюджеттик чыгымдар азайып, мамлекеттик ресурстарды эффективдүү пайдалануу камсыздалууда.
Санариптештирүү коррупциялык тобокелчиликтерди азайтаарын экономист Эркин Абдразаков “Кабар” маалымат агенттигине маалымдады.

“Салык, бажы төлөмдөрүн төлөөдө адамдык факторлор азайып, электрондук түрдө жүргүзүлүүдө. Эл мурдагыдай чиновниктердин чөнтөгүнө төлөбөй, санариптештирүүнүн алкагында каражат толугу менен бюджетке кетип жатат. Бирок, медицина, билим берүү тармагында айрым суммалар чөнтөккө кетип жатканы аныкталгандыгы маалымдоо каражаттары аркылуу белгилүү болууда. Ошентип санариптештирүү толугу менен коррупцияны жойбосо да, бир топ адам факторлорун азайтып, каражаттардын бюджетке түшүүсүнө шарт түзүүдө”,- дейт Абдразаков.

Андан тышкары, коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөн тышкары Кумтөрдүн элге кайтарылышы, инвестицияларга шарт түзүлүшү жана жүздөгөн завод-фабрикалардын ачылышы бюджеттин өсүшүнө өбөлгө болду. Азыр өлкөнүн кайсы аймагына барбайлы курулуштар жүрүп, ишканалар ачылып жатканына, айлык маяна, пенсиялардын көбөйүшүнө күбөө болуудабыз. Ошондон улам, бул айтылып жаткан цифраларды иш менен далилденген реалдуу цифралар деп айтууга болот.
Экономист Эркин Абдразаковдун айтымында да өлкөдөгү курулуш иштерине буга чейин бюджеттен мындай колдоо болгон эмес.

“Консолидацияланган бюджеттин өсүшүнө Кумтөрдүн өзүбүздүн экономикага иштөөсү, орто жана чакан бизнестин өнүгүшү, мигранттар которгон каражаттын көлөмүнүн өсүшү себеп болууда. Күн сайын дүйнөлүк деңгээлде баа, инфляция өсүп жатат. Бирок, ага карабастан өлкөдө курулуш иштерине миллиарддаган каражаттар бөлүнүп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин бюджет тарабынан мындай колдоо болгон эмес. Азыр чоң суммалар мамлекеттик бюджетке түшүп, элибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдаланылууда”,- деди экономист.
Жалпысынан бул көрсөткүчтөр өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүү жолунда экенин жана мамлекеттик башкаруудагы натыйжалуулук ар тараптуу өсүшкө түрткү берип жатканын далилдейт.