Былтыр жумуш учурунда каза тапкан жарандарга 111 млн сом кенемте төлөндү

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 12:02
77671ccc3fd976ef4b0ea80535561f8a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Былтыр жумуш учурунда каза тапкан жарандарга 111 млн сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 28 инспектор 1173 текшерүү жүргүзүп, эмгек мыйзамдарынын 1885 бузулушун аныктаган. Окуялардын арасында 161 жабырлануучу катталып, алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63 адам каза болду.

Салынган айып пулдардын суммасы 8,8 млн сомду түзүп, анын ичинен 6,9 млн сому өндүрүлдү. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн кенемтелер 111 млн сомду түздү.

Кызматкерлерге эсептелген эмгек акынын жалпы суммасы 14,7 млн сомду түздү.