Импорттолгон жүктөрдү текшерүүдө былтыр 112 мыйзам бузуу катталган

Укук тартиби Загрузка... 13 Январь 2026 11:39
1764304519-1945295.1817649a8d550c375547fae5e2556335.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. 2025-жылы чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында импорттолгон жүктөрдү текшерүү учурунда 112 мыйзам бузуу фактысы катталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча төмөнкүдөй артка кайтаруу актылары түзүлгөн:

  • Казакстанга – 48;
  • Өзбекстанга – 51;
  • Россияга – 8;
  • Пакистанга – 1;
  • Кытайга – 3;
  • Түркияга – 1 артка кайтаруу актысы.

Мыйзам бузуу фактылары негизинен ветеринардык коштоочу документтердин талаптарга жооп бербеши, жүктөрдүн коопсуздук талаптарын сактабагандыгы жана ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу менен байланыштуу.