Былтыр Баткен облусунда айыл чарба багытындагы 5 ишкана ачылды

Аймак 18 Февраль 2026 11:30
638051419_1449832013176916_2813290841285381232_n (1).jpg
638081059_1449832366510214_6031153025979886012_n.jpg
638049853_1449832326510218_2595169379508702285_n.jpg
636713628_1449832289843555_4871229600257447437_n.jpg
638436794_1449832253176892_1338279212787977215_n.jpg
638175296_1449832219843562_2832248877876171882_n.jpg
638113591_1449832176510233_1567492028601350174_n.jpg
637485197_1449832179843566_505955934976054909_n.jpg
638068844_1449832099843574_1588202353702308332_n.jpg
638009727_1449832116510239_5602533714989516609_n.jpg
637577450_1449832043176913_4754974171717183489_n.jpg
638101281_1449831996510251_4851018647909544450_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Былтыр Баткен облусунда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо багытында 5 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында күрүчтү жана өрүктү кайра иштетүүчү бирден ишкана, ошондой эле мөмө-жемиштерди муздатып сактоочу 3 заманбап жай пайдаланууга берилген.

Кайра иштетүү багытындагы долбоорлор:

  • Ак-Турпак күрүчү: Дүйнөлүк банк жана АРИСтин колдоосу менен Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында күрүчтү кайра иштетүү цехи ачылды. Долбоордун алкагында 18,1 млн сомго заманбап техникалар (комбайн, тракторлор, таңгактоочу жабдуулар) алынып, 5 жаңы жумуш орду түзүлдү.
  • Самаркандек өрүгү: Баткен районунун Самаркандек айылында жеке ишкер тарабынан 160 миң доллар инвестиция жумшалып, өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди. Мында 10 адам туруктуу иш менен камсыз болду.

Муздатып сактоочу жайлар жана логистика:

  • Кадамжай районунда: Бирлик айыл аймагында кубаттуулугу 350 тонналык логистикалык борбор курулду. Долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланып, жалпы баасы 22 млн сомду түздү.
  • Төрт-Гүл айыл аймагында: Республикалык бюджет, жергиликтүү бийлик жана KOICA эл аралык уюмунун (14 млн сом) колдоосу менен 500 тонналык мөмө-жемишти тоңдуруп сактоочу ири цех ачылды. Учурда мында 500 тонна ак өрүк жана башка жемиштер сакталууда.
  • Кызыл-Бел айылында: Жеке ишкердин 7 млн сомдук инвестициясы менен 170 тонналык сактоо жайы бүткөрүлүп, сезон учурунда 20га чейин жумушчу иштей баштады.

Бул ишканалардын ачылышы Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын сапаттуу иштетүүгө жана аларды кошумча нарк менен чет өлкөлүк базарларга экспорттоого жол ачат.