Былтыр Баткен облустук өнүктүрүү фонду 6 долбоорду каржылады

Аймак 25 Февраль 2026 15:20
638667845_1454999565993494_7439663207711824022_n.jpg
1.jpg
638641953_1454999762660141_9222179482582592584_n.jpg
638712856_1454999702660147_4697642936926498630_n.jpg
639519571_1454999489326835_8961984459860833407_n.jpg
640011292_1455000062660111_5017744150175484187_n.jpg
641224738_1454999582660159_4588962613642338171_n.jpg
641327412_1454999952660122_5433399417066900053_n.jpg
641351864_1455000185993432_349350685790548041_n.jpg
641358442_1454999475993503_7075061273643217779_n.jpg
641421004_1455000145993436_2613450961981582588_n.jpg
641577059_1454999835993467_5832897424594070032_n.jpg
641657572_1455000192660098_880620898964679991_n.jpg
642210151_1455000629326721_3463918464500571614_n.jpg
642287494_1454999722660145_8653286538476528471_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев 2025-жылы облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоорлордун аткарылышын жеринде көрүп чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 25 млн 401 миң 750 сом бөлүнгөн.

Анын алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

  • Сүлүктү шаардык ооруканасынын жылытуу системасы капиталдык ремонттон өткөрүлдү;
  • Кызыл-Кыя жана Баткен шаардык тазалык ишканаларына заманбап көчө тазалоочу унаалар, оор жүк ташуучу КаМАЗ жана эвакуатор-манипулятор сатып алынды;
  • Самаркандек айылындагы №34 лицейдин имараты оңдоп-түзөлдү;
  • Раззаков шаарынын Ак-Булак жана Алтын-Бешик айылдарындагы ички көчөлөргө асфальт төшөлдү;
  • Баткен облустук ӨКМ башкармалыгы үчүн авариялык-куткаруучу унаа жана атайын шаймандар сатып алынды.

Мындан тышкары, аймактагы ишкерликти колдоо максатында төрт ишкерге 5 жылдык мөөнөткө, жылдык 2 пайыздык чен менен жалпы 18 млн сом көлөмүндө жеңилдетилген насыя берилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бактыбек Токсонбаев аткарылган иштердин сапатына токтолуп, мындай социалдык-экономикалык долбоорлор 2026-жылы дагы жигердүү улантыларын баса белгиледи.