Быйыл Талас облусунда 36 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Аймак 1857 30 Январь 2025 09:33
475186390_18052681961476120_2235452572072720715_n.jpg
475199157_18052681997476120_6435274287064307396_n.jpg
475098728_18052681979476120_1841440762448067105_n.jpg
475185260_18052681970476120_2695762879391656553_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Быйыл Талас облусунда 36 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Талас электр тармактар ишканасы Манас, Бакай-Ата, Айтматов жана Талас райондорунда жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштерин баштады.

Белгиленгендей, Талас районунда 10 842 даана, Манас районунда 5 600 даана, Бакай-Атада 7 800 даана жана Айтматов районунда 12 500 даана акылдуу эсептегич орнотулмакчы. Бул иш-чара электр энергиясын колдонуу боюнча так маалыматтар алууга жана чыгымдарды башкарууга жардам берет.

Эске салсак, 2024-жылы Талас шаарына 6 092 даана акылдуу эсептегич орнотулган.