Быйыл Төө-Ашууда оңдоо иштери жүрөт

Коом Загрузка... 31 Март 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 130–146-чакырымдар (16 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.

Мындан тышкары, Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунан Тоо-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80–139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу тосмолорду алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Жалпысынан 200 даана тосмо орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду.

"Аталган тосмолор Бишкек – Ош унаа жолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес",-деп белгиленет маалыматта.