Кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлорду, кампаларды курууга басым жасалат - Төрөбаев

Коом Загрузка... 10 Март 2025 12:58
WhatsApp Image 2025-03-10 at 12.18.04.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өлкөдө кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлорду, кампаларды курууга басым жасалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.

“Биз жылына 5-6 млн тонна өсүмдөк жыйнайбыз. Ошонун бир гана пайызы кайра иштетилет. Ошондуктан бул жаатта ишти күчөтөбүз. АБР, Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн каражаттарды толугу менен кайра иштетүү, логистикалык борборлоду, кампаларды курганга жумшоону пландап жатабыз. Бул биздин команданын саясаты”, - деп билдирди Бакыт Төрөбаев.