Быйыл Кыргызстанда ТүркПА кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Жогорку Кеңеш 1231 16 Январь 2026 11:28
615477957_906425898501144_355916932725881543_n.jpg
615860320_906425961834471_5094339269556652307_n.jpg
615928695_906425908501143_1743419189879718888_n.jpg
615333299_906425975167803_1038099906943673250_n.jpg
615419900_906425938501140_4786018402219774077_n.jpg
615453966_906425931834474_7206800414074379504_n.jpg
Алдыга
Артка
615477957_906425898501144_355916932725881543_n.jpg
615860320_906425961834471_5094339269556652307_n.jpg
615928695_906425908501143_1743419189879718888_n.jpg
615333299_906425975167803_1038099906943673250_n.jpg
615419900_906425938501140_4786018402219774077_n.jpg
615453966_906425931834474_7206800414074379504_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түрк мамлекеттеринин парламенттери менен ассамблеянын алкагында тыгыз кызматташууга жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле быйыл Парламенттик ассамблеянын кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөрүн эске салган төрага аталган иш-чарада маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, бирикменин катары толукталарына ишеним артты.

"Алсак, ТүркПА 2008-жылы түзүлүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми иш-чараларына Венгриянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү активдүү катышып келет. Биз түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин биримдигин колдойбуз жана тыгыз кызматташтыгыбыз боордош элдерибиздин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин", – деди Төрага Нурланбек Тургунбек уулу.

Өз кезегинде башкы катчы Рамил Хасан бирикменин алкагында жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди.

"Быйыл Кыргызстанда өтө турган жыйынга олуттуу даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушуулар да мерчемделген", – деди.

Мындан тышкары, парламенттик шайлоо тууралуу да сөз болуп, башкы катчы Рамил Хасан аталган саясий өнөктүккө ТүркПАнын байкоочулары да мониторинг кылганын жана алар добуш берүү жараяндарына жогору баасын бергенин белгиледи.