Быйыл Чүй облусуна 119 миң 500 акылдуу эсептегич орнотулат

Аймак Жүктөлүүдө... 18 Март 2025 12:08
IMG_4749.JPG
IMG_4770.JPG
IMG_4762.JPG
IMG_4754.JPG
IMG_4744.JPG
IMG_4738.JPG
IMG_4732.JPG
IMG_4743.JPG
IMG_4741.JPG
Алдыга
Артка
IMG_4749.JPG
IMG_4770.JPG
IMG_4762.JPG
IMG_4754.JPG
IMG_4744.JPG
IMG_4738.JPG
IMG_4732.JPG
IMG_4743.JPG
IMG_4741.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Быйыл Чүй облусуна 119 500 даана акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда Чүй электр тармактар ишканасы кардарларды тейлөө иштерин санариптештирүү багытында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин баштады.

Учурда Чүй облусунун Сокулук, Москва, Ысык-Ата, Чүй жана Аламүдүн райондоруна 12 миң 500 даана акылдуу эсептегич орнотулуп бүттү. Жыл аягына чейин калган 107 миң даана эсептегич орнотулат.

Бул иштер кардарларга үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү жана сапатын жогорулатуу максатында аткарылууда.

Акылдуу эсептегичтин артыкчылыктары:

- көрсөтмөлөрдү аралыктан серверге берет;
- электр энергиясын колдонууда берилген кубаттуулуктан жогору колдонгондо автоматтык түрдө өчүп калат;
- төлөм өз убагында жүргүзүлбөсө аралыктан өчүрөт;
- төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кайра кошот;
- электр энергиясын колдонууну анализдей алат;
- жоготууларга бөгөт коюп, коррупциялык элементтерге каршы турат.