Быйыл бүтүрүү кечелеринде экологияга зыяндуу шарларды учурууга тыюу салынат

Коом Загрузка... 23 Май 2025 15:17
WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.11.28.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Быйыл бүтүрүү кечелеринде экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары, тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды колдонууга болбойт.

“Биринчи кезекте алар абдан кымбат. Ата-эненин капчыгына жана экологияга орчундуу зыянын тийгизет. Айрым учурда мектептерде фейерверктерден от тутанып, өрт чыккан учурлар катталган. Ошондуктан алардын баарына тыюу салынат. Мектеп мугалимдери жана ата-энелер муну катуу көзөмөлгө алышы керек”,-деди ал.