Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Быйыл Баткен облусунда 220/110/35 кВ аба чубалгыларында жалпысынан 8 772 даана эскирген изоляторду жаңысына алмаштыруу пландалууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алмаштыруу иштери аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Кызыл-Кыя бөлүмү: 4 200 даана;
- Баткен бөлүмү: 3 000 даана;
- Сүлүктү бөлүмү: 1 572 даана.
Бул иш-чаралар Баткен электр тармактар ишканасынын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата бекитилген даярдык планынын алкагында жүргүзүлүүдө. Жаңыланган жабдуулар жогорку чыңалуудагы чубалгылардын техникалык абалын жакшыртып, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.
Белгилей кетсек, тармакты жаңылоо багытындагы иштер өткөн жылы да жигердүү жүргөн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Баткен облусунда 7 200 даана эскирген изолятор алмаштырылып, ордуна 7 513 даана заманбап айнек изоляторлор орнотулган.