Быйыл Баткенде дээрлик 55 миң "акылдуу" эсептегич орнотулат

Аймак Загрузка... 27 Февраль 2026 09:05
1_y9Ft1hp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Быйыл Баткен облусунда 54 миң 587 "акылдуу" эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Райондорго төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Кызыл-Кыя райондук электр тармагы – 10 миң 150;
  • Кадамжай райондук электр тармагы – 14 миң 530;
  • Лейлек райондук электр тармагы – 14 миң 105;
  • Сүлүктү райондук электр тармагы – 15 миң 193.

Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 130 миң 668 абонент катталган. Анын ичинен:

  • 121 149 — калк абоненттери;
  • 9 519 — калк эмес абоненттер.

Белгилей кетсек, 2024-2025-жылдары облус боюнча жалпы 62 миң 85 "акылдуу" эсептегич орнотулду.