Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Быйыл Баткен облусунда 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы жалпы 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Алай” көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, ачык бөлүштүрүү түзүмүндөгү жабдуулардын жерге туташтыруу контурлары толугу менен жаңыланат.
Ошондой эле 110/35/6 кВ “Арка” жана “Жин-Жиган” көмөк чордондорунда 110 кВ воддор трансформаторлорго алмаштырылат.
Ал эми 35/6 кВ “Сүлүктү” көмөк чордонунда калпан тибиндеги тоскучтар 35 кВ толкундуу өчүргүчтөргө жаңыртылат.
Мындан тышкары, 6–10 кВ чыңалуудагы майлуу өчүргүчтөрдү вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу иштери сегиз объектте жүргүзүлөт. Алар: “Жин-Жиган”, “Кадамжай”, “Тамаша”, “Халмион” жана “Исфана” көмөк чордондору.
Электр тармактарындагы эсептөө, коргоо жана контролдоо системаларынын тактыгын жогорулатуу максатында “Металлургический”, “Үч-Коргон”, “Тынчтык”, “Халмион”, “Исфана”, “Жин-Жиган”, “Раззаков”, “Рават”, “Оржаникитзе”, “Тамаша” жана “Ак-Турпак” көмөк чордондорунда трансформаторлор этап-этабы менен алмаштырылат.