Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Быйыл Баткенде 203 чакырым жол асфальтталат. Бул тууралуу облус жетекчиси Мамыржан Рахимов билдирди.
Ал белгилегендей, оңдолуп жаткан жолдордун баары 5 чакырымдан кем болбойт.
“Президент Садыр Жапаров жол оңдоодо 5 чакырымдан кем кылбоо тапшырмасын берген. Азыр ушул багытта иштеп жатабыз. Бужум айылында Баткен шаарына чейин 5 чакырымга созулган жол асфальтталып бүтүп калды. Ошондой эле Зардалыга кеткен Баткен – Кайыңды жолунун 5 чакырымы бүттү. Дагы 7-8 чакырым жол пландалууда. Ушинтип алыскы айылдарга чейин жолдорду оңдоону пландап жатабыз”, - деп айтты облус жетекчиси.