Быйыл 668 объекттин курулушуна 15,5 млрд сом бөлүндү – курулуш министри

Загрузка... 10 Декабрь 2025 11:35
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.36.31.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Республиканын аймагында быйыл жалпы 668 объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 15,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, быйыл курулуш тармагында алгылыктуу иштер аткарылып, социалдык маанидеги объекттердин саны кескин өстү. Учурда алардын 300гө жакынынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул өлкө тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

Курулуп бүткөн негизги объекттердин ичинен:

  • мектеп 102;
  • бала бакча 32;
  • саламаттык сактоо мекемеси - 11.
  • Калгандары ар түрдүү багыттагы башка объекттер.

Орунтаев белгилегендей, бүгүнкү күндө курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүү толугу менен санариптештирилген.

“Учурда жүргүзүлүп жаткан курулуштардын сапаты жогору деңгээлде. Аймактагы кызматкерлерден атайын түзүлгөн жумушчу топтор жана курулуштарда иштеген техникалык көзөмөлчүлөрдүн үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Министрлик ар бир курулуш объектисин онлайн түрүндө көзөмөлдөй алат. Каалаган учурда текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондой эле ар бир курулуш объектисинин жеке паспорту бар.

Анда төмөнкү маалыматтар камтылган:

  • курууну кайсы компания ишке ашырып жатат;
  • подрядчы уюмдар кимдер;
  • долбоордун техникалык жана архитектуралык мүнөздөмөлөрү кандай болушу керектиги тууралуу.

Буга чейин министрлик жеринде барып гана көзөмөл жүргүзө алса, азыр бул иш толук электрондук форматта ишке ашырылып жатат”,- деп белгиледи ал.