БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы ок атышууну токтотуу резолюциясына добуш берет

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-06-04 at 09.03.31.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы ок атышууну токтотуу резолюциясына добуш берет. Бул тууралуу ТАСС Словениянын БУУдагы миссиясынан кабарлашканын билдирди.

Маалыматка караганда, Газадагы ок атышууну токтотуу резолюциясы БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү тарабынан даярдалды.

Резолюция төрт пункттан турат. Документте тараптардын Газада ок атышууну токтотуу керектиги айтылат. Ошондой эле бардык туткундарды бошотуу зарылдыгы белгиленген.

Мындан тышкары, долбоордун авторлору Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып салууну талап кылышууда.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат, анын ичинде бешөө туруктуу мүчө (Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ, Франция) жана 10 туруктуу эмес мүчөсү (Алжир, Гайана, Греция, Дания, Пакистан, Панама, Корея Республикасы, Словения, Сьерра-Леоне, Сомали) бар.