БУУнун комиссиясы Израилдин Газадагы аракеттерин геноцид деп тааныды

Дүйнө Загрузка... 16 Сентябрь 2025 15:20
image1170x530croppe.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Оккупацияланган Палестина аймагын иликтөө боюнча БУУнун Көз карандысыз эл аралык комиссиясы Израилдин Газадагы аракеттерин геноцид катары баалады.

«Израиль бийлиги Газадагы палестин элинин тукум улоо мүмкүнчүлүгүн атайын бузган. Бул, анын ичинде төрөөнү алдын алуу чараларын колдонуу менен ишке ашырылган. Ошондой эле палестиндерди жамаат катары физикалык жок кылуу максатында жашоо шарттарын атайылап оорлоткон. Бул аракеттер Рим статутунда жана Геноциддин алдын алуу жана жазалоо жөнүндө Конвенцияда көрсөтүлгөн геноциддин негизги актылары болуп саналат», - деп айтылат баяндамада.

Комиссиянын негизги корутундулары:

  • Израил Газа тилкесинде геноцидди улантууда, анын калкка каршы аракеттери 1948-жылдан берки эң ырайымсыздык;
  • Өлкөнүн аскерий жана саясий лидерлери, анын ичинде премьер-министр Биньямин Нетаньяху муну шыктандырды;
  • Тель-Авив анклавдын тургундарына каршы геноцидди алдын ала албагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
  • Өлкөлөр Израилдин Газадагы жана басып алынган аймактардагы аракеттерин токтотуу үчүн бардык каражаттарды колдонууга милдеттүү.
  • Ошол эле учурда Израилдин Тышкы иштер министрлиги БУУнун отчетун четке кагып, ал "Хамастын жалгандарына" негизделгенин билдирди. Министрлик ошондой эле эл аралык комиссияны таратууну талап кылды.

ИИзраилдин Газадагы чабуулуИзраилдин Газадагы чабуулузраилдин Газадагы чабуулуИзраилдин Газадагы чабуулу

21-августта Нетаньяху Газага көзөмөл орнотуу жана ХАМАСты талкалоо пландарын бекитти. Ал анклавды “коопсуздук периметрин камсыз кылуу” үчүн басып алып, кийинчерээк жарандык өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүү ниети тууралуу айтты.

Дүйшөмбү күнү кечинде Израилдин аскерлери Газага чабуулун баштады, шаар массалык бомбалоого дуушар болду. Алгач Израилдин аба күчтөрү шаарга сокку урду, андан соң танктар кирип келди. Маалымат каражаттары бир нече ондогон палестиналыктардын набыт болгонун кабарлашты.

Ошол эле маалда Израилдин жетекчилиги Нетаньяхуну операциядан баш тартууга чакырды, анткени бул шаардагы барымтадагы израилдиктердин өмүрүнө коркунуч туудурат, ХАМАСты дээрлик жок кыла албайт жана Израилдин аскерлеринин арасында чоң жоготууларга алып келет.

Операция башталгандан кийин барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү Израилдин кол салууларында жакындары каза болушу мүмкүн деген кооптонуу менен премьер-министрдин Иерусалимдеги резиденциясынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Анклавдагы ачарчылык

Акыркы айларда Тель-Авив Газа тилкесин блокаданы күчөтүп, керектүү көлөмдөгү азык-түлүк менен дары-дармектин жеткирилишине тоскоолдук кылууда. Бул буга чейин эле калк арасында туура эмес тамактануунун курмандыктарына алып келген. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму бул аймакта биринчи жолу катастрофалык ачарчылык абалын жарыялады.

Буга чейин БУУ ачарчылыктын максималдуу фазасын эки гана жолу тастыктаган: 2017-жылы Түштүк Суданда жана 2011-жылы Сомалиде.

Газадагы администрациянын маалыматына караганда, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны 64 миңден ашты, алардын көбү карапайым адамдар.