Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Ирандын ядролук инфраструктурасына жасаган соккусуна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтындагы маалыматта айтылат.
Анда башкы катчы Жакынкы Чыгыштагы ар кандай согуштук эскалацияны айыптай тургандыгы, БУУга мүчө мамлекеттердин БУУнун Уставына жана эл аралык укукка ылайык иш алып баруу жоопкерчилигин эске салары белгиленет.
ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, Израиль Иранга сокку уруп, өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскердик операциянын максаты ядролук инфраструктурага сокку уруу экендигин айтты. Ошондой эле баллистикалык ракеталарды чыгарган заводдорго багытталгандыгын билдирди.