Бишкек 07.07.25 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш БРИКС саммитинде сүйлөп жатып көп тараптуу кызматташтык системасын жаңылап, күчөтүү зарыл экендигин айтты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Гутерриш ошондой эле бардык өлкөлөрдү эл аралык мыйзамдарды урматтоого чакырды. "Азыр көп тараптуу кызматташтыкка шек келтирип жатышат. Андыктан дүйнөгө кызматташтык – адамзаттын эң улуу жетишкендиги экенин эстетели. Ал ишенимден башталат. Ал эми ишеним – бардык өлкөлөр эл аралык эрежелерди урматтаганда гана пайда болот", – деди.
Ал БУУнун жана анын уюмдарынын ишин дүйнөдөгү бардык өлкөлөр үчүн адилет жана натыйжалуу кылуу максатында бул системаны реформалоого чакырды.
Бул жолку БРИКС саммити Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүдө.
Белгилей кетсек, БРИКС - бул беш ири мамлекеттен турган эл аралык уюм. Анын курамына - Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрү кирет.