БУУдагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат Жүктөлүүдө... 19 Май 2025 13:11
5285280213955113488.jpg
5285280213955113491.jpg
5285280213955113490.jpg
5285280213955113489.jpg
5285280213955113487.jpg
5285280213955113486.jpg
5285280213955113485.jpg
Алдыга
Артка
5285280213955113488.jpg
5285280213955113491.jpg
5285280213955113490.jpg
5285280213955113489.jpg
5285280213955113487.jpg
5285280213955113486.jpg
5285280213955113485.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары,Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү иш сапары менен Кыргызстанга келишти.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алардын иш сапары Кыргызстандын эл аралык аренадагы, анын ичинде тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча демилгелерин жайылтуу алкагында уюштурулду.

Бүгүн Кариб бассейнинен, Океаниядан жана Африкадан келген элчилер Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушту.

Жолугушууда министр элчилерге өлкөнүн жетишкендиктери жана алдыда пландалып жаткан ири иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле Кулубаев БУУ Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, Уюмдун алкагындагы кызматташтык, Кыргызстандын демилгелери жана БУУга мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү тууралуу кенен айтып берди.

БУУдагы чет элдик мамлекеттердин элчилери Кыргызстандын БУУдагы ишмердүүлүгүнө жана уюмга кошкон салымына жогору баа берип, климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартибин илгерилетүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздук маселелери сыяктуу дүйнөлүк коомчулуктун актуалдуу суроолорун камтыган Кыргызстандын маанилүү демилгелерин белгилешти.

Тараптар эл аралык күн тартиби, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, Борбор Азиядагы кызматташтык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Элчилер ошондой эле өлкөнүн санариптештирүү тармагындагы жетишкендиктери менен таанышуу максатында "Кызмат" мамлекеттик мекемесине, Технопаркка жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы кеңсесине барышат.