БУУ: Жакынкы апталарда күчтүү Эль-Ниньо башталышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2026 10:35
WhatsApp Image 2026-06-04 at 08.57.56.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жакынкы апталарда Эль-Ниньо климаттык кубулушу башталышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Адистердин айтымында, бул акыркы ондогон жылдардагы эң күчтүү Эль-Ниньолордун бири болуп, дүйнө жүзүндө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал.

Белгиленгендей, бул кубулуш Тынч океандын үстүндө шамалдын айланышы өзгөргөндө пайда болот. Натыйжада океандын жылуу суулары чыгыш тарапка жылып, атмосфералык процесстерге жана дүйнөнүн көптөгөн аймактарындагы климатка таасир этет.

Учурда Тынч океандын борбордук бөлүгүндө адаттан тыш жылуу суунун ири катмары байкалууда. Айрым аймактарда суунун температурасы нормадан 6 градустан ашык жогору экени аныкталган. Окумуштуулар муну Эль-Ниньонун жакындап келе жатканын көрсөткөн негизги белгилердин бири дешет.

Улуу Британиянын Метеорологиялык кызматынын узак мөөнөттүү божомолдор бөлүмүнүн жетекчиси Адам Скейфтин айтымында, ири климаттык окуянын болуу ыктымалдыгы өтө жогору.

“Биз күчтүү Эль-Ниньо болоруна дээрлик ишенип турабыз. Ал тургай рекорддук деңгээлге жетиши мүмкүн”,-деген ал.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жаңы Эль-Ниньо глобалдык жылуулуктун кесепеттерин дагы күчөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, экстремалдуу аба ырайы көрүнүштөрү күчөп, көп өлкөгө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Күчтүү Эль-Ниньо адатта Түштүк Американын, Австралиянын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым бөлүктөрүндө кургакчылык менен ысык аба ырайын күчөтөт. Ошол эле учурда дүйнөнүн башка аймактарында нөшөрлүү жаан-чачын жана суу ташкындарынын коркунучу жогорулайт. АКШнын жана Африка өлкөлөрүнүн айрым аймактары да табигый кырсыктарга кабылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Эль-Ниньо Индиядагы муссон жамгырларын алсыратуу коркунучун жаратат. Бул болсо миллиондогон адамдардын жашоосу көз каранды болгон айыл чарбасына олуттуу таасир этет.

Адистер экономикалык жоготуулар да чоң болушу мүмкүн экенин белгилешет. Мурунку күчтүү Эль-Ниньо учурларында түшүм азайып, азык-түлүк кымбаттап, товар жеткирүү тармактарында үзгүлтүктөр жаралган жана дүйнөлүк экономика миллиарддаган доллар чыгым тарткан.

Окумуштуулар азырынча келечектеги Эль-Ниньонун так күчүн аныктоо мүмкүн эмес экенин айтышууда. Бирок алар бул кубулуш азыркыдай жылуу климат шартында өнүгүп жаткандыктан, анын таасири өзгөчө күчтүү болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ВМО) маалыматына ылайык, Эль-Ниньо 2026-жылдын кийинки бөлүгүндө дагы күчөшү мүмкүн.