БУУ төрөт саны кескин кыскарганы тууралуу коңгуроо какты

Дүйнө Загрузка... 11 Июнь 2025 09:00
WhatsApp Image 2025-06-11 at 08.32.09.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Дүйнө жүзү мурда болуп көрбөгөндөй тукум улоо кризисине чалдыкты. Бул тууралуу БУУнун Калктын саны боюнча фондунун (ЮНФПА) баяндамасында айтылды. Бул тууралуу Лента.ру агенттиги жазып чыкты.

Докладда төрөт тынчсыздандырарлык деңгээлге чейин төмөндөп кеткендиги белгиленди. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар социалдык жана экономикалык кыйынчылыктардан улам балалуу боло албай жатышат. Сурамжылоого катышкандар жумуш менен бала багууну айкалыштыруу оор экенин, өлкөлөрдүн демографиялык саясаты натыйжа бербей, саясий туруксуздук да көйгөй жаратып жатканын айтышкан.

ЮНФПАнын аткаруучу директору Наталия Канем изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтып жатып “бул көрсөткүчтөргө негизинен көпчүлүк адамдар өзү каалагандай үй-бүлө кура албай жатканы себеп болууда. Бул чыныгы кризис», - деп билдирди.