БУУ Кыргызстандын туруктуу өнүгүүдөгү аракеттерин жогору баалайт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Февраль 2026 13:57
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болду.

Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан БУУ менен бардык багыттарда жигердүү кызматташып келе жатканын белгилеп: “Мындан ары да түрдүү тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, калыптанган өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдарбыз. Башкы мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеңеш да тыгыз кызматташып, иш алып барууга даяр", – деди.  

Ошондой эле төрага өлкө экономикасынын өсүшүн белгилеп, 2030-жылга чейинки мерчемделген пландар президенттин тапшырмасы жана Парламенттин колдоосу менен ишке ашырыларын билдирди.

Өз кезегинде БУУнун өкүлү парламент менен дайыма кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. Муну менен катар БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракеттерине жогору баасын берип жатканын айткан Антье Граве аталган багыттагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө да өзгөчө көңүл бурушарын кошумчалады. 

Антье Граве Жогорку Кеңештин Аялдар жана балдар укугу боюнча кеңешинин ишин жогору баалап, эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшүүнү убадалады.  

Ошол эле жолугушууда гендердик теңчилик маселеси дагы көтөрүлүп, төрага Кыргызстан аталган маселеге астейдил көңүл бурарын билдирди.

"Аялдардын коомдук-саясий турмуштагы ролун жогорулатуу максатында көп иштер жасалууда. Парламенттин эле мисалында алсак, VIII чакырылышка аялдар үчүн 30 пайыздык квота бөлүнүп, ар бир үчүнчү орунга айым депутаттар шайланды. Мындай көрүнүш демократиялуу деп аталган дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө да жок", – деди ал.