БУУ: Каржылоонун кыскаруусу Афганистанда маселе жаратат

Дүйнө 16 май 2025 10:27
БУУ: Каржылоонун кыскаруусу Афганистанда маселе жаратат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Каржылоонун кыскарышы Афганистандагы аялдар менен балдардын жашоосуна коркунуч жаратат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында айтылат.

Анда белгиленгендей, АКШ жакында эле БУУнун Калк фондунун иштерин каржылоосун кыскарткан. Бөлүнгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү Афганистандагы үй-бүлөлөрдүн ден соолугун колдоого жана мобилдүү медицинага жумшалчу.

Аталган фонддун аткаруучу директорунун орун басары Эндрю Сабертондун пикиринде, кыскартуудан 6,9 млн аял жана балдар жапа чегет.

Ал эми фонд тарабынан колдоого алынган ооруканалардын саны 900дөн 400гө чейин азайышы мүмкүн.