БУУ Иранга каршы санкциялар кайра жанданганын ырастады

Дүйнө Загрузка... 29 Сентябрь 2025 10:50
WhatsApp_Image_2025_CAVYPF6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon www

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Жекшембиде БУУ Иранга каршы санкциялар кайра күчүнө киргенин ырастады. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен Kazinform агенттиги жазды.

БУУнун Баш катчысынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Коопсуздук Кеңешинин 2231 (2015) -жылдагы резолюциясынын 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн тартипке ылайык, 27-сентябрда Нью-Йорк убактысы боюнча кечки саат 20:00дөн тартып, 1696 (2006), 1737 (2006), 1747 (2007), 1803 (2008), 1835 (2008) жана 1929 (2010) -жылдардагы резолюциялардын бардык жоболору 2015-жылдын 20-июлунда 2231-резолюция кабыл алынганга чейинки шарттарда кайрадан күчүнө кирди.

Мында белгиленгендей, 1737-резолюциянын негизинде түзүлгөн Коопсуздук Кеңешинин Комитети алып барган санкциялар тизмеси кайра жанданып, анда 2231-резолюция кабыл алынганга чейин тизмеге киргизилген 43 жаран жана 78 юридикалык тарап камтылган.

Өткөн айда Франция, Улуу Британия жана Германия расмий түрдө Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы деп аталган Иран 2015-жылкы өзөктүк келишимди бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылса, БУУнун санкцияларын 30 күндүн ичинде калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген snapback механизмин расмий түрдө колдонушкан.

Белгиленгендей, 19-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга карата ККнин алкагында санкцияларды жеңилдетүүнү улантуучу резолюцияны кабыл алган жок.