БУУ: Дүйнө калкынын жарымынан көбү 30 жашка чыга элек

Дүйнө 133 13 Август 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-02-02 at 17.11.54 (1).jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Учурда дүйнө калкынын жарымы 30 жашка чыга элек. БУУнун маалыматына ылайык, он жылдыктын аягына карата бул көрсөткүч 57 пайызга жетиши күтүлүүдө.

Бул тууралуу уюм Эл аралык жаштар күнүнө карата тараткан билдирүүсүндө маалымдады.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жаштарды туруктуу келечекти курууда тең укуктуу өнөктөш катары кароого жана алардын чечим кабыл алуу процесстерине жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде катышуусун кеңейтүүгө чакырды.

Анын айтымында, жаштар экономикалык туруксуздук, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Бул чакырыктарды чечүү үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракети зарыл.

Гутерриш жаштардын жаңычыл жана демилгелүү күч катары өздөрүн көрсөтүп жатканын белгилеп, аларга сынчыл ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү жана санариптик сабаттуулук сыяктуу келечекке керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү маанилүү экенин айтты.

БУУнун маалыматы боюнча, жаштар менен тең укуктуу өнөктөштүк түзүү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетип, алардын билимин жана күч-кубатын азыркы көйгөйлөрдү чечүүгө багыттоого шарт түзөт.

Быйыл Эл аралык жаштар күнү "Ар түрдүү шарттар, жалпы умтулуулар" деген теманын алдында өтүүдө.