Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Дүйнө жүзүндө 15-24 жаштагы жаштардын 80 пайыздан ашыгы интернет колдонгону менен санариптик чөйрө алар үчүн олуттуу коркунучтарды да жаратууда. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар борбору билдиргенин АЗЕРТАЖ жазды.
БУУ өлкөлөрдү, технологиялык компанияларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башка тараптарды балдарды жана жаштарды жалган маалыматтан, кибербуллингден жана жасалма интеллектке байланышкан тобокелдиктерден коргоо чараларын күчөтүүгө чакырды.
Уюмдун маалыматына караганда, жасалма интеллекттин тез өнүгүшү аны жөнгө салуу процесстеринен алдыга озууда. Дипфейктер жана жасалма жол менен түзүлгөн контент балдар үчүн жаңы коркунучтарды жаратууда.
БУУ балдардын укуктарын эске алуу менен санариптик платформаларда коопсуздук механизмдерин күчөтүүнү, мыйзамдык коргоону жакшыртууну жана жаштардын санариптик коопсуздук боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууга катышуусун камсыздоону сунуштады.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш буга чейин жөнгө салынбаган жасалма интеллектти сыноодо балдарды "тажрыйба үчүн колдонбоо" керектигин белгилеген.